Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Путин менен Роухани Сириядагы кырдаал тууралуу сүйлөштү


Владимир Путин менен Хасан Роухани
Владимир Путин менен Хасан Роухани

Орусия президенти Владимир Путин Батыш мамлекеттеринин Сирияга каршы кандай гана кошумча соккусу болсун "эл аралык мамилени башаламандыкка алып" деп эскертти. Бул тууралуу ал 15-апрелде Ирандын лидери Хасан Роухани менен телефондон сүйлөшкөндө айткан. Эки президенттин сүйлөшүүсү тууралуу Кремл кабарлады.

Маалыматта Владимир Путин менен Хасан Роухани АКШнын, Улуу Британиянын жана Франциянын Башар Асаддын өкмөтүнө каршы соккулары эл аралык укукту бузуу менен жасалып, Сирия чатагын саясий жол менен чечүү мүмкүнчүлүгүнө олуттуу залал келтирди деп белгилешкен.

АКШ, Британия, Франция Сирияга 14-апрелдин таңында сокку урду. Анда бутага режимдин “химиялык курал программасына конкреттүү байланышы бар” жайлар алынды. Ракеталык чабуулга Сириянын Чыгыш Гута аймагынын козголоңчулар колундагы Дума шаарчасында 7-апрелде хлор газы колдонулган химиялык чабуулдан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылды деген окуя себеп болду.

АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли Коопсуздук кеңешинин 14-апрелдеги жыйынында соккулар "өзүн актаганын, мыйзамдуу жана ылайыктуу" болгонун айткан. Ал “эгер Сирия режими уулуу газды кайрадан колдонсо” АКШ дагы сокку урарын эскерткен.

"Биз Сириянын химиялык курал программасын майып кылдык деген ишенимде турабыз, эгер Сирия режими акылсыздыгын көргөзүп биздин эркибизди сынагысы келсе, биз бул басымды калтырууга даярбыз" деген Никки Хейли.

XS
SM
MD
LG