Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

CPJ Астананы журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды


Астана.
Астана.

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Казакстандын бийлигин көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы козголгон кылмыш иштерин токтотууга чакырды.

13-апрелдеги билдирүүдө уюм казакстандык Ratel.kz жана Forbes Kazakhstan басылмаларын "куугунтуктоо өнөктүгүн токтотууга" бийликти үндөгөн.

2-апрелде Казакстандагы Forbes жана Ratel интернет-порталдары тинтүүгө алынган. Полиция Forbes Kazakhstan маалымат каражатынын редакторунун орун басары Александр Воротиловду, ал эми Ratel.kz сайтынын башкы редактору Марат Асиповду, башкы редактордун орун басары Сапа Макебаевди жана баяндамачы Анна Калашникованы алып кетип, кийинчерек бошоткон.

Марат Асипов болсо 4-апрелде дагы бир жолу суралып, кылмыш ишинде "күбөдөн" "шектүүгө" айланган.

Кылмыш ишинин козголушуна мурдагы каржы министри, бизнесмен Зейнулла Какимжанов өзү тууралуу жазылган макалаларды жалган деп сотко арыз бергени себеп болгон. Ratel.kz жана Forbes.kz өз журналисттик изилдөөлөрүндө Зейнулла Какимжанов коррупциялык иштерге аралашкан деп ырасташкан.

2017-жылдын апрель айында Алматы соту Forbes Kazakhstan жана Ratel.kz сайттарын Какимжановдун пайдасына 50 миллион теңге төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган.

“Акыркы бир канча жылда Казакстанда эркин маалымат жарыялап, сынчыл ой айта турган жерлер абдан азайып кетти” деди Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Нина Огнянова. Ал Астананы мындай аракеттен баш тартууга чакырган.

Ушул эле журналисттердин иши боюнча “Хьюман Райтс Вотч» уюму 6-апрелде билдирүү таратып, казак бийлигин өз ишин аткарып жаткан журналисттерди “жалаа жабуу” беренесин колдонуу аркылуу куугунтуктоону токтотууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG