Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Бишкек шаарынын Так пландаштыруу планы коомдук талкууда


Бишкектин планы: Метронун схемасы.
Бишкектин планы: Метронун схемасы.

16-апрелде борбор шаардын Так пландаштыруу планынын демилгечилери Биринчи май районунун тургундары менен жолугушат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Бишкек шаарынын Так пландаштыруу планы коомдук талкууга өткөн айда чыгарылган. Бишкектеги долбоорлоо институтунун жетекчиси Жыргалбек Асаналиевдин маалыматы боюнча, баш калаанын Так пландаштыруу планына шаар борборундагы 3 540 гектар жер камтылган. Авторлор борбордук бөлүктө 53 бала бакча, 47 мектеп болуп, ал эми 250 гектар жерди парк ээлей турганын айтышты. Алардын айтымында, Так пландаштыруу планы Бишкек шаарын бийикти көздөй өстүрүү жана жер үстүнөн жүрүүчү метро линиясын куруу максатын көздөйт.

Бишкекте Так пландаштыруу планын буга чейин жарандык активисттер сындап чыгышкан. Алар долбоорго мектеп, бала бакча, парктар аз киргизилип, негизинен соода жана көңүл ачуу жайлары ээлеп калганын айтып келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG