Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:09

Черногориядагы шайлоодо Мило Жуканович алдыга чыкты


Мило Жуканович добуш бергенден кийин. 15-апрель, 2018-жыл.
Мило Жуканович добуш бергенден кийин. 15-апрель, 2018-жыл.

Баштапкы маалыматтар боюнча, президенттик шайлоодо башкаруучу Демократиялык партиянын лидери Мило Джуканович добуштардын 55,1 пайызын алганы кабарланды. Анын негизги атаандашы, европачыл Младен Боянич 35 пайыз добушка ээ болгон.

Черногориянын мамлекет башчылыгына жети талапкер ат салышкан. Мурдагы шайлоолордон айырмаланып, бул жолу талапкерлердин арасында аял киши да бар. Драгиня Вуксановичти оппозициялык Социал-демократиялык партиясы көрсөткөн.

Өлкөдө 532,599 шайлоочу катталган. Байкоочулардын маалыматы боюнча добуш берүүгө шайлоочулардын 60% ашууну катышты.

Добуш берүүгө 2015 байкоочу көз салды, алардын ичинен 333 байкоочу чет өлкөлөрдөн келген. Байкоочулар добуш берүү учурунда түрдүү мыйзам бузуулар болгонун, анын ичинде добуштарды сатып алуу аракети да катталганын белгилешти.

Шайлоо учурунда талапкер Мило Жуканович Евробиримдиктин өнөктөштөрү жана НАТО менен гана эмес, Орусия менен да кызматташууга даяр экенин айтты.

Орусия менен Черногориянын мамилеси өткөн жылы өлкө НАТОго кошулгандан кийин бузулган. Черногория бийлиги Орусияны 2016-жылы өлкөдө мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине тиешеси бар деп айыптаган. Ошол мезгилде Жукановичти өлтүрүүнү максат кылуу менен мамлекеттик мекемелерге чабуул коюуга даярданган деген шек менен жыйырма адам камалган болчу. Бул окуяга байланыштуу сот жараяны ушул күнгө уланып келет.

Мөөнөтү бутүп бараткан президент Филип Вуянович өзүнөн кийинки мамлекет башчыга Евробиримдик интеграциясын аягына чыгарууну, инвестицияны көбөйтүүнү, жаңы жумуш орундарын түзүү менен айлык акы жана пенсиянын өлчөмүн көбөйтүүнү каалады.

XS
SM
MD
LG