Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Былтыр өлкөдө ымыркайлардын өлүмү мурдагы жылдагы көрсөткүчтөн 6% азайып, миң баланын 15ине туура келген. Ал эми энелердин өлүмү тескерисинче көбөйгөн. 2017-жылы жүз миң аялдын 31и төрөт учурунда көз жумган. Бул мурдагы жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик 3% көп.

2015-жылы Кыргызстанда 63, ал эми 2014-жылы 80 аял төрөт учурунда көз жумган. Энелердин өлүмү Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында көп катталган. Буга ички жана тышкы миграция, витаминдүү тамак-аштарды жебегендик, аз кандуулук себеп болуп жатканы белгиленет.

2008-жылы миң баланын отузу чарчап калса, 2015-жылы миң ымыркайдын 17си чарчап калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG