Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Орусиядагы түркмөн студенттери окуудан чыгарылышы мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда окуган түркмөнстандык студенттер банк карталарынан ата-энеси жөнөткөн акчаны ала албай, түрдүү кыйынчылыктарга туш болуп жатканын билдиришти. Буга байланыштуу алардын көбү окуу акысын төлөй албай, университеттен чыгарылганы турат.

"Деканат семестр аяктаганга чейин акча төлөнбөсө окуудан чыгарыла турганыбызды эскертти. Орусияда өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигине байланыштуу сессия алдыга жылдырылган. Ушундан улам окуу акысын убагында төлөш үчүн түркмөнстандык студенттердин көбү күнү-түнү иштеп жатышат", — деди студенттердин бири.

Анын айтымында, бул маселе боюнча алар Түркмөнстандын Москвадагы элчилигине да кайрылышкан, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес. Азырынча элчиликтен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Былтыр декабрдан тартып түркмөн банктары берген пластик карталар аркылуу чет өлкөлөрдө накталай акча алууга жана каражат которууга чектөөлөр киргизилген.

XS
SM
MD
LG