Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Өзбекстанда улуттук телеканалдагы атайын кызматтын "куратору" иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Улуттук телерадиокомпаниясынын төрагасынын коопсуздук боюнча орун басары Абдусалом Шодмонов кызматтан алынды. Ал компаниянын кызматчыларын көзөмөлдөө, ошондой эле кызматкерлерди жумушка алуу жана кетирүү иштери менен алектенип келген.

Маалыматка караганда, Абдусалом Шодмоновдун иштен алынышы менен ал ээлеп турган кызмат да жоюлду.

Улуттук телерадиокомпанияда 21 жыл иштеген ташкенттик журналист Малохат Эшанкулованын айтымында, Шодмоновдун жетекчилиги менен телеканалда "оппозиция өкүлдөрүн, дин ишмерлерин жана жемкорлукка айыпталган аткаминерлерди" каралоого багытталган атайын берүүлөр даярдалып келген.

Февралдын соңунда өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгында да атайын кызматтын "кураторлору" жумуштан алынып, алар ээлеп турган кызматтар жоюла баштаганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG