Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Казакстанда "саясий туткундардын" тизмеси жаңыланды


2016-жылы соттолгон укук коргоочулар Макс Бокаев менен Талгат Аян.
2016-жылы соттолгон укук коргоочулар Макс Бокаев менен Талгат Аян.

14-апрелде "Ар.Рух.Хак" укук коргоо уюмунун жетекчиси Бахытжан Торегожина Казакстандагы "саясий туткундардын" жаңыланган тизмесин жарыялады.

Тизме эл аралык "Amnesty International" уюмунун жана Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын чен-өлчөмдөрүнүн негизинде жергиликтүү укук коргоочулардын эксперттик кеңеши тарабынан 4-апрелде кабыл алынган.

Ага 2016-жылы соттолгон укук коргоочулар Макс Бокаев менен Талгат Аян, 2017-жылы соттолгон кесиптик кошуун лидерлери Амин Елеусинов менен Нурбек Кушакбаев, укук коргоочулар Махамбет Абжан, Санат Букенов жана бир канча журналисттер кирген.

Жаңыланган тизмеде буга чейин жергиликтүү укук коргоочулар тарабынан саясий туткун катары таанылган акын жана диссидент Арон Атабектин (18 жылга соттолгон), "Казатомпром" компаниясынын мурдагы президенти Мухтар Жакишевдин (2009-жылы 14 жылга кесилген), укук коргоочу Вадим Курамшиндин (2012-жылы 12 жылга соттолгон) да аттары аталган.

Эксперттик кеңешмеге катышкан укук коргоочу Амангелды Шорманбаев саясий туткундардын тизмесин түзүүдө эл аралык укук коргоо уюмдарынын чен-өлчөмдөрү эске алынганын ырастады.

XS
SM
MD
LG