Бишкек шаардык мэриясында баш калаанын деталдуу пландоо долбоору боюнча коомдук талкуу өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Талкууга Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев жана архитектура, шаар куруу боюнча мекемелердин жетекчилери катышууда. Деталдуу пландоо долбоору бир айдын ичинде кабыл алынышы мүмкүн.
Бишкек шаарынын башкы планына негизделген деталдуу пландоо долбоорунда адистер калаанын борбордук бөлүктөрүн гана эсептеп чыгууга үлгүрүшкөн. Тагыраагы түндүк жагынан Жибек Жолу, түштүк жагынан Ахунбаев көчөсү, чыгыш жагынан Курманжан Датка – Шабдан Баатыр көчөлөрү (мурдагы Алматы көчөсү) жана батыш жагынан Садырбаев – Фучик көчөлөрүнүн ички жагы каралган.
Архитекторлор бул ортолукта үйлөрдүн, имараттардын жайгашуусун жана бийиктигин, жол жана транспорт маселелерин уюштурууну, мектеп, бала бакча жана башка социалдык жайлардын санын киши башына жараша курууну белгилешкен. Жашылдандыруу жана ирригациялык иш-чаралар да камтылган.
Бишкек шаарынын башкы архитектуралык планы 2006-жылы кабыл алынган. Ал борбордун 2025-жылга чейинки инфраструктуралык өнүгүүсүн көзөмөлдөйт. Адистер белгилегендей, бул убакытка чейин чейин Бишкектин бардык аймактары деталдуу пландалып бүтүп калышы керек. (ErN)