Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 09:33

Атамбаев КСДП фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушууда


Алмазбек Атамбаев. 24-ноябрь, 2017-жыл.

Экс-президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев парламенттеги тиешелүү фракциянын депутаттары менен жолугушууда. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушуу “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жатат. Жолугушууда партиянын иши, соңку абал боюнча талкуу болот.

Партиянын катчылыгы жолугушуудан соң кенен маалымат берилээрин кошумчалады.

Буга чейин Атамбаев менен жолугушуу болору тууралуу КСДП фракциясынын айрым депутаттары кабарлашкан эле.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президентинин кызматынан 2017-жылы ноябрда мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кеткен.

Мамлекет башына анын партиялашы, мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков шайлоо жолу менен келген. Атамбаев КСДПга төрагалык кылууну 31-марттан бери улантууда. Ошол курултайдан кийин Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун айрым иштерин сынга алган эле. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG