Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:01

Момбеков: Фарид Ниязов КСДПнын саясий кеңешинен кетет


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Бул тууралуу экс-президент, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда айтканын депутат Рыскелди Момбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кийинки аптада Атамбаев партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуп, саясий кеңештин курамы боюнча талкуу өткөрөт.

Момбеков жолугушууда Алмазбек Атамбаев партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязовдун партиялык ишмердигин токтотуп, саясий кеңештен чыгарыларын жарыялаганын кошумчалады:

- Алмазбек Шаршенович Фарид Ниязовдун партиялык ишмердигин токтотуп, "ал “Апрель” деген кайрымдуулук фондду жетектейт" деп айтты. Анткени жолугушууда мен да эки президенттин ортосундагы араздашуу ошол кишинин айынан болгонун, ал киши аппарат башчы болуп турган учурда фракция менен байланышта кетирген кемчиликтерин айттым. Аны угуп экс-президент партиялык ишмердикти Ниязов токтотоорун билдирди, - деди Момбеков.

Бүгүн КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев парламенттеги тиешелүү фракциянын депутаттары менен жолугушту. Анда коомдук саясий-абал, партиянын иши талкууланган. Жолугушууга КСДП фракциясынын 37 мүчөсүнүн он тогузу катышкан.

XS
SM
MD
LG