Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Коми: Трамп президенттикке "моралдык жактан татыксыз"


Кошмо Штаттардын Федералдык чалгын бюросунун мурдагы башчысы Жеймс Коми.
Кошмо Штаттардын Федералдык чалгын бюросунун мурдагы башчысы Жеймс Коми.

Кошмо Штаттардын Федералдык чалгын бюросунун мурдагы башчысы Жеймс Коми Американын президенти Доналд Трамп өлкө башчылыкка “моралдык жактан татыксыз” деп билдирди. Коми бул тууралу 15-апрелде, өз мемуарлары камтылган китептин чыгышын утурлай, ABC каналы менен болгон маегинде айтты. Ал китепте Коми президент экөөнүн ортосунда болгон алакалар жөнүндө кеңири баяндаган.

Коми ошондой эле “Трамп чоң жана майда иштер тууралуу такай жалган айтып, буга америкалыктар ишенет деп ынандыра берерин” кошумчалады.

Бир күн мурда Доналд Трамп да Комини “ушакчы” деп атап, ал камалышы керектинин өз “Твиттерине” жазган.

"Кыйбастыктын жогорку даражасы: чындык, калп жана лидерлик" деп аталган китеп 17-апрелде расмий жарыяланганы турат. Китептин үзүндүлөрүн "Нью-Йорк Таймс" гезити басып чыкты.

Жеймс Коми 2017-жылдын май айында күтүүсүз кызматтан алынган. Президент Трамп Комини Кошмо Штаттардын башкы прокурору менен анын орун басарынын сунушунан кийин кызматтан кетиргенин Ак үй билдирген.

XS
SM
MD
LG