Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Чүйдө 52 адам мыйзамсыз курал алып жүргөнү аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунда “Арсенал” операциясынын алкагында 52 адам мергенчилик мылтыктарды мыйзамсыз алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, курал ээлерине сактоо жана каттоо эрежелерин бузганы үчүн да эскертүү берилди. Алардын баарына протокол толтурулуп, айыппул салынды.

Апрель айынын башынан бери өтүп жаткан операция учурунда Чүй облусунда жалпысынан 2200 үйрөнчүк жана адис мергенчилер текшерүүгө алынган. Аларды Чүй облустук ИИБнын 114 кызматкери текшерип чыккан.

Операция учурунда жарандар өз эрки менен эки куралды милицияга тапшырып беришкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG