Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:33

Президент кийинки шайлоого чейин мыйзамдарды өзгөртүүнү тапшырды


Сооронбай Жээнбеков жана Нуржан Шайлдабекова.
Сооронбай Жээнбеков жана Нуржан Шайлдабекова.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды.

Президенттик аппарат кабарлагандай, алар өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча иштерди жана жергиликтүү кеңештерге жакында өтө турган шайлоо процесстерин талкуулашты.

Шайлдабекова 13-майга белгиленген жергиликтүү кеңештерди шайлоого даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Ал шайлоо дайындалган алты жергиликтүү кеңештин ичинен Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине жана Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешине шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрүн билдирди.

БШК төрайымы ошондой президентти шайлоо жөнүндө мыйзамды жакшыртуу стратегиясынын долбоорун иштеп чыгууда аткарылып жаткан жумуштар тууралуу айтып берди. Ал бул боюнча май айында жыйын өтөрүн, андан соң жумуш парламенттик деңгээлде улантыларын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, партиялык системаны бекемдөө боюнча жумушту күчөтүүнү сунуш кылып, парламенттик системаны өнүктүрүүдөгү саясий партиялардын өзгөчө ролун белгиледи.

Мамлекет башчы буга улай келерки шайлоого чейин мыйзамдарга зарыл болгон өзгөртүүлөр киргизилип, алар шайлоонун катышуучуларына мурдатан түшүндүрүлүшү керек экенин айтып өттү. (ErN)

XS
SM
MD
LG