Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Казакстанда сот активист Талгат Аянды эркиндикке чыгарды


Жарандык активисттер Макс Бокаев жана Талгат Аян сотто. Атырау, 28-октябрь, 2016-жыл.
Жарандык активисттер Макс Бокаев жана Талгат Аян сотто. Атырау, 28-октябрь, 2016-жыл.

Казакстандын соту 2016-жылкы жер маселесине байланыштуу митингдердеги ролу үчүн камакка алынган активист Талгат Аянды абактан бошотуу жөнүндө дүйшөмбүдө чечим чыгарды. Бул тууралуу активисттин атасы Тенгизбай Аянов "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Актөбө шаардык соту 13-апрелде активистти бошотуу тууралуу чечим чыгарган. Соттун чечими 29-апрелде күчүнө кирет.

2016-жылдын апрелинде Казакстандын бир катар шаарларында апрелдин соңунда жерди сатууга жана чет элдиктерге ижарага берүүгө каршы митингдер өткөн.

Анда активисттер Макс Бокаев жана Талгат Аян Атырауда кармалып, бир жылдан кийин “араздашууну тутандырган” деген негизде ар бири беш жылдан абакка кесилген.

Ошондон кийин президент Назарбаев Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө мораторий жарыялап, өкмөткө жер реформасы боюнча комиссия түзүүнү табыштаган.

XS
SM
MD
LG