Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Химиялык куралга тыюу салуучу уюмдун өкүлдөрү Думага кире элек


Сириядагы өкмөттүк аскерлер. 14-апрель, 2018-жыл.
Сириядагы өкмөттүк аскерлер. 14-апрель, 2018-жыл.

Химиялык куралга тыюу салуучу уюмдун өкүлдөрү Дума шаарчасына кире албай атышат. Бул тууралуу Гаагада бүгүн өтүп жаткан Химиялык куралга тыюу салуучу уюмдун аткаруучу комитетинин жыйынында британ делегациясы билдирди.

Жыйында Сириянын Дума шаарчасында 7-апрелде болгон болжолдуу химиялык чабуул маселеси каралууда. Бул маалыматты уюмдун баш катчысы да ырастап, өткөн аптада Сирияга барган уюмдун эксперттер тобу ушул күнгө чейин иликтөө иштерин баштай электигин билдирди.

Британиянын делегациясы миссиянын ишине жолтоо кылып жатканы үчүн Сирия менен Орусиянын бийлигин айыптады. Дума шаары өткөн аптада толугу менен өкмөттүк күчтөрдүн карамагына өткөн. Ошол себептен алар текшерүүчүлөрдүн коопсуздугуна жооп бериши абзел.

АКШ жана бир катар Батыш мамлекеттери өз булактарына таянуу менен химиялык чабуул чын эле болгон жана аны Сирия президенти Башар Асаддын армиясы койгон деген ишеничте. Андагы чабуулдан 40тан ашуун карапайым тургун өлгөн. Буга жооп ирээтинде 14-апрелде АКШ, Британия жана Франция Сирияга абадан сокку урушту. Бул чабуулду Орусия жана Дамаск кескин сынга алышты.

XS
SM
MD
LG