Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:38

Баткенде жазгы көрктөндүрүү ишине 40 млн. сом сарпталды


Баткен. 14-апрель, 2018-жыл.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, “Таза жашоо” ураанынын алкагында жарыяланган көрктөндүрүүнүн үч айлыгында облус боюнча 670 миң бак тигилген.

Анын 478 миңи мөмөлүү бак-шактар. 1-мартта башталган иш-чарага жергиликтүү бюджеттен 15 млн. ашуун сом сарпталып, ал эми жарандардан 25 млн. сомдой каражат топтолгон.

Үч айлыктын алкагында аймактагы 3252 чакырым ички жана чарбалык каналдар, арыктар оңдолуп, тазаланды. Мындан тышкары жалгыз-жарым карыялардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүн актоо-сырдоо, калыбына келтирүү иштерине жергиликтүү бийлик элет тургундары менен кошо көмөктөшүүдө.

Баткен облусунда үч район, үч шаар бар. Облус элинин саны 500 миң адамдан ашат. Негизинен дыйканчылык, багбанчылык менен алектенет. Расмий маалыматтар боюнча, элдин 4,8 пайызы сырткы миграцияда.(JsA)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG