Америка жана Британия дүйшөмбүдө билдиргендей, бул кибер тыңчылык өнөктөштүгүнүн алкагында жасалган. Дүйнө жүзүнө вирус жайылткан роутерди орус өкмөтүнүн колдоосуна ээ болгон хакерлер тараткан.
Вашингтон менен Лондондун маалыматына караганда, бул өнөктөштүк мамлекеттик мекемелерге, ишканаларга жана маанилүү инфраструктура операторлоруна багытталган.
Ак үйдүн киберкоопсуздук боюнча координатору Роб Жойс Орусия тараптанбы же башка өлкөлөрдөнбү, кандай гана чабуул болбосун, тиешелүү жообун аларын эскертти. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги жазды.