Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:28

Батыралиев: Сыртымдан айыптаган туура эмес


Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык боюнча комитетинин жыйынынан кийин расмий билдирүү жасады. Ал өлкөнүн медицина тармагындагы маселелерге толук жоопкерчиликтүү экенин, бирок комитет кароого алган документтер жана ага коюлган дооматтар негизсиз болгонун "Азаттыкка" билдирди.

- Биздин мекемеден эч кимге айтпай туруп, алдын-ала маалымат бербестен социалдык тармактарга, басма сөзгө менин ишмердигиме шек келтирген маалыматтарды таркатууну жана айыптоону мыйзамсыз деп эсептейм. Ушундан улам 57 миңден ашуун медицина кызматкеринин ар-намысына да доо кеткенин айткым келет. Эл аралык тажрыйбага ээ адисмин. Өз тармагымдагы кемчиликтерге албетте, жооп берүүгө даярмын. Бирок биздин адистер жок, мени чакырбастан сыртымдан айыптоону туура эмес деп эсептейм. Комитет бул айыптоолор менен өкмөт башчыга кайрылды. Эми анын чечими чыкканча күтөм.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссия бир катар мыйзам бузуу тапканын маалымдаган. Министрди "өз кызмат ордуна туура келбейт, буга чейин кабыл алынган программалар, стратегиялар боюнча маалыматы жок" деп айыпташкан.

Министрди иштен алуу боюнча демилге кийинки кезде байма-бай көтөрүлүп жүрөт. Бул маселе парламентте буга чейин да козголгон. Көп жыл бою Түркияда иштеген Батыралиев бул кызматты 2014-жылдын ноябрынан бери аркалап келатат. (BCh/KE)

XS
SM
MD
LG