Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Тогуз-Тородогу башаламандыкка байланыштуу 15 киши кармалды


Тогуз-Тородогу өрттөлгөн имарат.
Тогуз-Тородогу өрттөлгөн имарат.

Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 15 киши кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңешинин төрагасы Уланбек Шерипов билдирди.

Анын айтымында, кармалган адамдардын арасында үч аял бар. Шерипов ошондой эле учурда элди тынчтыкка үндөш үчүн райондун борборуна баратканын, милицияга нааразылык билдиргендерди басууга аракет кылып жатканын айтты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов болсо кенге байланыштуу чатакка тиешеси бар экени айтылган 130дан ашык киши суракка алынганын, алардын он чактысы Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилгенин ырастады. Ал кармалган адамдардын так санын, кимдер экенин, жашын жана жынысын кийинчерээк тактап берерин айтты. Сеитов ошондой эле айыбы угузулгандан кийин гана "кармалды" деген адамдардын саны так болорун кошумчалады.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Ички иштер министрлиги акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөнүн кабарлаган. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиция кызматкери жабыркаганы маалымдалган.

Факт боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык") жана 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") боюнча кылмыш ишин козгогон. (ErN)

XS
SM
MD
LG