Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Парламенттеги үч фракция өкмөттүн отчетун угууда


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары өкмөттүн бир жылдык отчетун уга баштады.

Ага "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев төрагалык кылууда. Жыйынга премьер-министр баш болгон өкмөттөн жалпысынан 80 киши чакырылган.

Жасалган иштер тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков баяндама жасап жатат. Ал 2017-жылы туруктуу экономикалык өсүш сакталып, коррупциянын алдын алуу үчүн заманбап технологиялар киргизилгенин белгиледи.

- Өкмөттүн “Ишеним жана биримдик” жана “Жаңы доорго кырк кадам” программалары 2017-жылы 90,1 пайызга аткарылды. Элдин мамлекеттик органдарга болгон ишеними 65,4 пайызды түзүп, көз каранды эмес баалоонун натыйжасы боюнча калктын ишеним индекси мурдагы жылга салыштырмалуу 1,5% көбөйдү. Демек элдин аткаруу бийлигине карата элдин ишеними бир аз өскөн. 2017-жылы экономикалык өсүш 4,6 пайызды түзүп, болжолдуу көрсөткүчтөн 1,1 пайызга ашты. Ички дүң өнүм (ИДӨ) 521 млрд. сомду түздү.

Исаков 2017-жылы ар бир тармакта өсүш болгонун, ЕАЭБге кирген өлкөлөргө жиберилген экспорттун көлөмү 27 пайызга, үчүнчү өлкөлөргө кеткендери 8% көбөйгөнүн кошумчалады.

Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөттүн отчетун өткөн жумада парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген “Кыргызстан” фракциясы менен бийликтеги КСДП фракциясы жактырып, бир жыл ичинде кылган иштерин колдоого алган.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке кирген. Негизинен жаш кадрлардан түзүлгөн өкмөттүн айрым мүчөлөрү быйыл кызматтан түрдүү себептер менен кетти.

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев, өкмөттүк аппараттын жетекчиси Нурканбек Момуналиев, юстиция министри Уран Ахметов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков, "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын башчысы Айбек Калиев кызматтан бошотулган. Айрым өкмөт мүчөлөрүнө сөгүш жарыяланган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG