Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Нарк салыгы боюнча кылмыш ишинин алкагында эки фирманын башчысы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарк салыгы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Таргет компани”, “Тянь-Шань–Кайыңды” (мурдагы “Фрезия”) жана алар менен аффилирленген “Скай Логистик”, “Шелковый путь Транс” фирмаларын текшерүүгө алды. Натыйжада бул жеке фирмалар мамлекеттен 290 млн. сомдон ашык кошумча нарк салыгын мыйзамсыз кайтарып алышканы аныкталган.

Бул факты боюнча аталган фирмалардын жетекчилери Ц.Л. жана Л.Х. кармалып, соттун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Текшерүү учурунда ишканалардын жасалма бухгалтердик документтери, салык төлөөгө ыңгайлаштырылган, мурдатан мөөр коюлган бош бланкалар, Кытайдын компанияларынын жана мамлекеттик органдарынын мөөрлөрү алынган. Муну менен кошо ири өлчөмдөгү акча каражаттары жана Кытайдан мыйзамсыз ташылып келген спорттук товарлар табылган.

Буга чейин УКМК Мамлекеттик салык кызматындагы коррупциялык схеманын бетин ачканын кабарлаган. Ага ылайык, жасалма документтер менен өлкө бюджетинен 217 миллион сом чыгарылып кеткени айтылган. Бул кылмыш боюнча Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов, дагы беш салык кызматкери жана "Полларис", "Интеррустрейд" деп аталган ишканалардын жетекчилери камакка алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG