Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:35

Тогуз-Торо районунда жүздөгөн адамдар нааразылык акциясына чогулду


Тогуз-Торо районунун борбору. Буга чейинки акциялардан тартылган сүрөт.
Тогуз-Торо районунун борбору. Буга чейинки акциялардан тартылган сүрөт.

Тогуз-Торо районунун борборунда жүздөгөн адамдар нааразылык акциясына чогулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондун Атай айылдык кеңешинин төрагасы Уланбек Шерипов билдирди.

Анын айтымында, чогулгандар милиция кармап кеткен 15 адамды бошотууну талап кылышууда.

- Кармап кеткендердин арасында 13 эркек киши, үч аял бар экен. Аялдардын биринин эмчектеги эки айлык баласы бар экен. Баласы ызылдап, ыйлап жатат. Ошого бул жерге чогулган миңдей адам кармалган адамдарды Жалал-Абад облусунун борборунда эмес, ушул жерден эле суракка алып, кое беришин талап кылып жатат. Экинчиден бийликтин маселени бир тараптуу карап жатканына нааразы болуп, өткөндө башаламандыктын чыныгы уюштуруучуларын кармабай жатканына ачууланып жатышат, - деди Уланбек Шерипов.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Тогуз-Торо районунда коомдук коопсуздук көзөмөлдө экенин, райондун борборунда 200гө жетпеген адамдар турганын ырастады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 15 киши кармалганын бир аз мурдараак ырастады. Милиция ошондой эле чатакка тиешеси бар деген 130дан ашык киши суракка алынганын, кармалгандар Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилгенин билдирген.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Ички иштер министрлиги акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөнүн кабарлаган. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиция кызматкери жабыркаганы маалымдалган.

Факты боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык") жана 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") менен кылмыш ишин козгогон. (ErN)

XS
SM
MD
LG