Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Исаков Тогуз-Тородогу башаламандык боюнча жооп берди


Тогуз-Тородогу өрттөлгөн имарат.
Тогуз-Тородогу өрттөлгөн имарат.

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн парламентте Тогуз-Тородогу башаламандык боюнча депутаттын суроосуна жооп берип, өз пикирин билдирди. Эл өкүлү Эмил Токтошев башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандардын арасында кыздар бар экенин айтты.

- "Заводду териштирип, чын эле цианид колдонулабы, жокпу териштириш керек" деп буга чейин да айттым эле. Тилекке каршы сиздерден шаблон түрүндө жооп келди. Анан эмне болду, көрдүңүз. "500 млн. чыгым болду" деп айтып жатат, ага канча мектеп курсак болот эле? "Эми дагы чыгабыз" деп кайра чогулуп жатышыптыр. Ушуну убагында чечсе болот беле, бул эми эмне менен бүтөт?

Депутаттын суроосуна жооп берип жатып, Исаков мыйзам алдында баары бирдей болоорун, өрт койгондор жооп бериши зарыл экенин белгиледи.

- Эгерде инвесторлордун заводуна зыян келтирсек, аны толуктап беришибиз керек. Ким өрт койду, ким от тамызды - аны тергөө аныктайт. "Инвестиция тартыш керек" деп айтып жатасыз. Биз өзүбүздүн кадамдар менен көрсөтүшүбүз керек. Экинчиден биз ал жерди “иштебейсиңер” деп токтотконбуз, тиешелүү кадамдар жасалган, документтер бар. Биз делегацияны жибердик, текшерип келиш үчүн, анан жанагыдай болуп жатпайбы.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар чогулган. Ички иштер министрлиги акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөнүн кабарлаган. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиция кызматкери жабыркаганы маалымдалган.

Факты боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык") жана 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бүгүн райондун Атай айылдык кеңешинин төрагасы Уланбек Шерипов “Азаттыкка” Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 15 адам кармалганын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG