Акыркы жылдары Бишкектин 84 гектар аймагы 5 жылга ижарага берилип кеткен. Бул тууралуу өкмөттүн бир жылдык иши боюнча отчетун угуп жаткан учурда “Республика – Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Акылбек Жамангулов билдирди.
- Андан бир сом да мамлекеттик бюджетке түшкөн эмес. Ижарага берилген жерлерге жеке ишкерлер коммерциялык иамараттарды, батирлерди куруп жатышат. Буга ким жооп берет? 84 гектар - мамлекеттик мүлктү уурдоо дегенге барабар.
Бул суроого жооп берүүгө Бишкек мэриясынын өкүлү жок болгонуна байланыштуу Сапар Исаков мэр Албек Ибраимовду чакырды. Суроого азырынча жооп бериле элек.
Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары өкмөттүн бир жылдык иши үчун отчетун угуп, суроолорду берүүдө. Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен. (КЕ)