Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Эл аралык эксперттер Сириянын Дума шаарчасына эртең гана бара алат


Дума шаарчасынан бир көрүнүш. 16-апрель, 2018-жыл.
Дума шаарчасынан бир көрүнүш. 16-апрель, 2018-жыл.

Бул тууралуу Орусия билдирди. Москвалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун эксперттери Сириянын химиялык чабуул коюлганы кабарланган Дума шаарчасына эртең барышы керек.

Ал эми АКШ Орусия ал жердеги далилдерди жок кылып салдыбы деп кооптонууда.

Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун башкы директору Ахмет Үзүмчү Сирияга барган эксперттер Дума шаарчасына кире албай жатканын кечээ уюмдун Гаагадагы чукул жыйынында билдирген.

Үзүмчү белгилегендей, сириялык жана орусиялык расмий өкүлдөр эксперттердин Думага бара албай жатышын коопсуздук маселелери чечилбей жатканы менен түшүндүргөн.

Соңку химиялык чабуул деп сыпатталган окуядан улам АКШ, Британия, Франция өткөн ишемби күнү Сириянын химиялык курал программасына “конкреттүү байланышы” бар үч жайына 100дөн ашуун ракета менен сокку урган.

Күбөлөр, оппозиция активисттери, Батыш өлкөлөрү 7-апрелде Дума шаарына курамында хлор жана зарин газы бар бомба ташталганын, анын айынан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылганын билдиришкен. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун бүтүмү боюнча Думада мерт болгон 43 киши «өтө уулуу химиялык заттын таасирине шайкеш келген белгилерден» жабыр тарткан.

Москва менен Дамаск бул окуяны “чагым” катары мүнөздөп, эч кандай химиялык чабуул болбогонун айтып жатышат. (UE)

XS
SM
MD
LG