Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Ак-Сууда жер тилкесин талап кылгандар акцияга чыгышты


Ак-Суунун Жол-Колот айылында чогулгандар.
Ак-Суунун Жол-Колот айылында чогулгандар.

Ак-Суунун Жол-Колот айылынын тургундары жер бөлүп берүү маселесин көтөрүп нааразылык акциясына чыгышты. 100гө чукул жашоочулар айыл аймагындагы мурунку союз убагындагы урук өндүрүүчү станциянын аймагындагы 108 гектар жерди айыл элине үлүшкө бөлүп берүүнү талап кылууда.

Алар жерди жеке менчиктен чыгарып, элдин үлүшүнө өткөрүп бериш керек деп эсептешет. Учурда айыл жаштары трактор менен жерди чийип бөлүп жатышат.

Нааразы болгондор менен райондун акими, облустук милициянын башчысы, УКМКнын башкармалыгынын облустук жетекчиси жолугуп, талаптарын угушту. Жетекчилер маселе боюнча райондук администрацияда комиссия түзүп, президентке кат жиберүүгө убада беришти.

Жердин ээси катары сөз болгон Эрнис Адылов чогулгандарга келген жок. (AsM\ErN)

XS
SM
MD
LG