Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:06

Өкмөт ГЭС куруу боюнча эки инвестор менен сүйлөшүп жатат


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргыз өкмөтү Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча эки инвестор менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн бир жылдык иши тууралуу отчет берип жатып премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

- Биз азыр тиешелүү инвесторлорду издеп жатабыз. Бүгүнкү күндө эки инвестор менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Жалаң эле Кыргызстанда эмес, башка өлкөлөрдө деле сүйлөшүү жүрүп жатып, келишимге кол коюлуп, ал бузулуп да кетет. Мындай тажрыйба бар, боло берет.

Анын алдында депутат Эмил Токтошев ГЭСтерди куруу боюнча “Лиглас” менен түзүлгөн келишим ишке ашпай калганын, бул Кыргызстандын аброюна зыян тийгизгенин айткан.

Кыргызстан чехиялык "Liglass Trading CZ" компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу келишимге быйыл 10-июлда кол койгон.

10-октябрда кыргыз өкмөтү ал компания менен түзүлгөн келишимден чыгып, бардык сүйлөшүүлөрдү токтоткон. Мындай чечим чехиялык компания келишим боюнча өз милдеттерин аткарбаганы менен түшүндүрүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG