Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Президент чек арадагы жаңжалдарды жөнгө салууну тапшырды


Сооронбай Жээнбеков, Уларбек Шаршеев, Жеңиш Разаков жана Дамир Сагынбаев.
Сооронбай Жээнбеков, Уларбек Шаршеев, Жеңиш Разаков жана Дамир Сагынбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алып, чек арадагы абалды жана көйгөйлөрдү жөнгө салуу маселелерин талкуулашты.

Президенттик аппарат билдиргендей, Уларбек Шаршеев мамлекет башчысына мамлекеттик чек араны күзөтүү жана коргоо боюнча, ошондой эле кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларындагы жакында болуп өткөн окуяларга байланыштуу аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. Ал ошондой эле президенттин Мамлекеттик чек ара кызматынын ишин жакшыртуу жөнүндө бир катар тапшырмалары кандай аткарылып жатканын айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик чек ара кызматына ар түрдүү чыр-чатактардын алдын алыш үчүн мамлекеттик чек аранын тартибин сактоо туурасында жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Жолугушууга Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, президенттин кеңешчиси Жеңиш Разаков да катышты.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасында жер талаштан улам, ал эми кыргыз-өзбек чек арасында суу талаштан улам чатак чыккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG