Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:02

Пулитцер сыйлыгы “Нью-Йорк Таймс” менен “Вашингтон Постко” ыйгарылды


"Вашингтон Посттун" кызматкерлери аларга Пулитцер сыйлыгы ыйгарылганын жарыялангандан кийин. 16-апрель, 2018-жыл.
"Вашингтон Посттун" кызматкерлери аларга Пулитцер сыйлыгы ыйгарылганын жарыялангандан кийин. 16-апрель, 2018-жыл.

АКШнын журналистика боюнча эң абройлуу сыйлыгы бул эки басылмага Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү, президент Дональд Трамптын ошол кездеги шайлоо штабындагы адамдар менен Орусиянын болжолдуу байланыштары боюнча иликтөөлөр тууралуу жазган макалалары үчүн берилди.

Чечим Нью-Йорктогу Колумбия университетинен кечээ жарыяланды.

Пулитцер сыйлыгын ыйгаруучу комиссиянын белгилегенине караганда, “Нью-Йорк Таймс” менен “Вашингтон Пост” “коммдук кызыгуу” бар маселени “терең жана талыкпастан” чагылдыруу аркылуу өлкө “Орусиянын 2016-жылкы шайлоого кийлигишкенин, анын Трамптын шайлоо штабы, шайланган президенттин өткөөл тобу, кийинки болжолдуу администрациясы менен байланыштарын түшүнүшүнө олуттуу салым кошту”.

Президент Трамп өзү АКШда азыр атайын прокурор Роберт Мюллер жүргүзүп жаткан иликтөөнү сынга алып, анын шайлоо штабы менен Орусиянын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун айтып келет.

Трамп ошондой эле Мюллердин иликтөөсүнө байланыштуу медиага чыккан маалыматтарды “фейк жаңылыктар” деп мүнөздөгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG