Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Ереванда демонстранттар өкмөттүк имараттарды курчап, 60тайы кармалды


Башкы прокуратуранын кире беришин тосуп алган демонстранттар. 17-апрель, 2018-жыл.
Башкы прокуратуранын кире беришин тосуп алган демонстранттар. 17-апрель, 2018-жыл.

Бул тууралуу “Азаттыктын” армян кызматы кабарлады.

Бүгүн Еревандын борбордук Франция аянтындагы митингден кийин азыркы нааразылык акцияларынын лидери, оппозициячыл депутат Никол Пашинян “өлкөдө революциялык кырдаал түзүлгөнүн, тынч мүнөздөгү “баркыт ыңкылабы" башталганын жарыялап, демонстранттар курчоого алыш үчүн өкмөттүк имараттарды карай жылышты.

Алар учурда Башкы прокуратураны, Борбордук банкты, Кассациялык сотту, өкмөт имаратынын жаңы корпусун, анын ичинде Тышкы иштер министрлигин, Юстиция министрлигин курчоого алганы кабарланууда.

Ага чейин Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсяндын бийлиги эми премьер-министрлик кызматта уланышына каршы чыккан оппозициялык кыймылдын активисттери бүгүн эртең менен да Еревандын борбордук жолдорун тороп, ал жердеги кыймылды токтотушкан.

Оппозициялык кыймылдын активисттери менен жактоочулары жолдорду тосуш үчүн таштанды чогултулуучу челектерди, отургучтарды, башка буюмдарды да колдонушту. Айрым жарандар ал тургай "бузулду" деген жүйө менен автоунааларын да жолдун ортосуна таштап кетип жатышты.

Кечээ парламент имаратынын алдында демонстранттар менен полиция күчтөрү кагылышкандан кийин кеминде 46 киши дарыгерлерге кайрылган. Ереван полициясы “Азаттыктын” армян кызматына маалымдагандай, бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:30ка карата административдик укук бузган демонстранттардын 59у кармалган.

Армениянын парламенти мурдагы президент Серж Саргсянды премьер-министрликке бүгүн бекитмек болгон. Буга каршы чыккан, кээде миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары Ереванда акыркы беш күндөн бери өтүп жатат.

2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттики тескерисинче азайган эле.

Өлкөнүн мурдагыдай жалпы эл эмес, парламент шайлаган президенти Армен Саркисян 9-апрелде кызматка киришти. (UE)

XS
SM
MD
LG