Бүгүн Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары өкмөттүн бир жылдык отчетун угуп чыгышты.
Анда негизги талкуу-талаш Кумтөр, Тогуз-Тородогу жагдай, "Акылдуу шаар" долбоору, ГЭС куруу, коррупцияга каршы күрөш жана башка жагдайларга байланыштуу болду. Жыйынга премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү катышты.
Натыйжада парламенттеги оппозициялык азчылык өкмөттүн 2017-жылдагы ишин канааттандырарлык эмес деп тапты. (RK)