Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

УКМК: Салайдин Авазов ЖЭБ чуусуна байланыштуу кармалды


Салайдин Авазов.
Салайдин Авазов.

Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу кылмыш иши боюнча Жалал-Абад шаарынын мэри, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана аталган мекеменин башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров шектүү катары кармалышты.

Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Экөө тең УКМКнын тергөө абагына камалды. Тергөө жүрүп жатат.

Быйыл январда Бишкектин Жылуулук электр борборунда авария болуп, шаар бир нече күн жылуулуксуз жана жарыксыз калган. Бул окуя бир жыл мурун модернизацияланган ЖЭБге карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан жана айрым жетекчилер шектүү катары камалган. (RK)

XS
SM
MD
LG