Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Еревандын борбордук аянтына он миңдеген адам жыйналды


Еревандын Республика аянтына чогулгандар. 17-апрель, 2018-жыл.
Еревандын Республика аянтына чогулгандар. 17-апрель, 2018-жыл.

Алар мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министрликке келишине каршы чыгышууда.

Еревандан түшкөн маалыматтарга караганда, шейшембинин кечинде он миңдеген адам Республика аянтына жыйналды. Демонстранттар Армениянын желектерин көтөрүп, "Сержсиз Армения" деп кыйкырып жатышат.

Нааразылык акциялары Гюмри жана Ванадзор шаарларында да өтүп жатканы кабарланууда.

Армениянын парламенти мурдагы президент Серж Саргсянды премьер-министрликке 17-апрелде бекитти. Анын талапкерлигин бийликтеги Республикалык партия сунуш кылып, добуш берүүдө 76 депутат колдоп, 17си гана каршы чыкты.

Мунун алдында мурдагы президенттин бийлиги эми премьер-министрлик кызматта улануусуна каршы оппозициялык кыймылдын активисттери бүгүн да Еревандын борбордук жолдорун торошуп, кыймылды токтотушкан.

Армениядагы нааразылык толкуну
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

Борбордук Франция аянтындагы митингден кийин нааразылык акцияларынын лидери, оппозициячыл депутат Никол Пашинян “өлкөдө революциялык кырдаал” түзүлгөнүн, тынч мүнөздөгү “баркыт ыңкылабы башталганын” жарыялап, курчоого алуу үчүн демонстранттар өкмөттүк имараттарды карай жылышкан эле. Алар Башкы прокуратураны, Борбордук банкты, Кассациялык сотту, өкмөт имаратынын жаңы корпусун, анын ичинде Тышкы иштер министрлигин, Юстиция министрлигин курчоого алганы кабарланган.

"Менин кадамым" деген нааразылык кыймылдын лидери Никол Пашинян Республика аянтындагы митингде "армян элинин Серж Саргсян деген премьер-министри жок" деп жарыялап, алар каршылык көрсөтүүнү уланта турганын кошумчалады.

Армениянын полициясы болсо "мамлекеттик структуралардын нормалдуу иштөөсүн камсыздоо үчүн мүмкүн болгон укуктук чаралардын баарын колдоно турганын" билдирүүдө.

Ереван полициясынан “Азаттыктын” армян кызматына маалымдашкандай, бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00гө карата административдик укук бузган демонстранттардын 80дейи кармалган. Серж Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы акциялар Ереванда кеминде акыркы беш күндөн бери өтүп жатат.

2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттики тескерисинче азайган эле.

Өлкөнүн мурдагыдай жалпы эл эмес, парламент шайлаган президенти Армен Саркисян 9-апрелде кызматка киришкен.

Серж Саргсян президенттиктен кийин премьер-министрлик кызматка өтүү ниетин быйыл март айына чейин төгүндөп келген. (UE)

XS
SM
MD
LG