Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Өрттөнгөн базарлардын маселеси парламентте каралат


Бишкекте Ош базарында чыккан өрт. 13-апрель, 2018-жыл.
Бишкекте Ош базарында чыккан өрт. 13-апрель, 2018-жыл.

Бишкек менен Жалал-Абадда чоң базарларда чыккан өрткө байланыштуу маселе бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков шейшемби күнү Бишкектеги “Берекет” базарынын сатуучулары менен жолугушууда айтты.

“Жыйынга тиешелүү өкмөт өкүлдөрүн чакырдык. Алардын катышуусу менен ачык-айкын талкуу болот”, деп билдирди төрага.

Жолугушууга келгендер жумуш орундарын калыбына келтирүү менен күйгөн товарына компенсация чегерүү жана алган насыясын төлөөдө жеңилдиктерди берүү сыяктуу бир катар талаптарын коюп, убактылуу иштеп турганга жай менен камсыздап берүүнү өтүнүштү.

13-апрелге караган түнү Бишкектеги "Берекет" базарын өрт чалып, 2000 чарчы метр жери товарлары менен кошо күйүп кетти. Укук тартибин коргоо органдары мында "өрт атайын коюлушу мүмкүн" деген версияны да карап жатат. Ушул эле күнү Жалал-Абаддагы борбордук базар да өрттөнүп, 1300 чарчы метрден ашуун соода аймагы күйдү. (RK)

XS
SM
MD
LG