Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Ибраимов: Ош базарды жылдырууга азырынча жер жок


5-мартта "Сейтек" базарындагы өрттүн айынан болжол менен 700 чарчы метр аянт күйгөн.
5-мартта "Сейтек" базарындагы өрттүн айынан болжол менен 700 чарчы метр аянт күйгөн.

Ош базарды башка жакка көчүрүү маселеси жакынкы 4-5 жылда чечилбейт. Бул тууралуу бүгүн парламенттеги өрт коопсуздугун талкуулаган жыйында Бишкектин мэри Албек Ибраимов билдирди. Ал базарды четирээк жакка чыгарууга жер бөлүп берүү туурасында өкмөткө талап коюлуп жатканын айтты.

- "Бирин Аламүдүн, экинчисин Сокулук районунан жер бөлүп бергиле" деп сурап жатабыз. Ошондо базарлардын долбоорун түзүүгө мүмкүнчүлүк болот, Бишкектин Башкы архитектура башкармалыгы менен бирге. Аны шаардын так планына киргизе кетебиз.

Бишкектеги Ош базарынын аймагында жыл башынан бери үч жолу өрт чыкты. Андан жабыркагандар "базарды көчүрүү максатында атайылап өрттөлүшү мүмкүн" деген божомолдорун айтышкан. Бүгүнкү жыйында ИИМдин орун басары Курсан Асанов Ош базарындагы өрткө байланыштуу бир нече версия каралып жатканын, анын ичинде атайылап өрттөө да бар экенин билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG