Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 06:41

Активисттер президенттен коррупция менен күрөштү тездетүүнү талап кылышты


Коррупцияга каршы күрөштү колдогон Бишкектеги митинг. 5-март, 2018-жыл.

“Коомдук келишим” платформасы коррупция менен күрөш жана саясий куугунтукка кабылгандар туурасында президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Кайрылуу жазгандар Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы отурумунда айтылган сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарын реформалоо жана коррупциядан тазалоо боюнча мамлекет башчынын демилгелерин колдоого алаарын, бирок ага олуттуу каршылык көрсөтүлүп жатканы байкалганын белгилешет. Буга карабай алар президенттен бул тармакты реформалоону жана коррупцияга каршы күрөштү тездетүүнү талап кылышат.

Топтун мүчөлөрү коррупция же башка иштер боюнча жаманатты болуп иштен кеткен кадрларды кайра кызматка дайындабаш керек деп эсептешет. Активисттер аларды тескерисинче жазага тартуу зарыл экенин билдиришкен.

Кайрылууда укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын башчыларын алмаштыруу менен гана чектелүү урунттуу жыйынтыктарды алып келбей турганы көрсөтүлөт. Ошондуктан бул органдарда реалдуу жана тутумдук реформа жүргүзүү керек экендиги айтылат.

Президентке кайрылгандар ошондой эле мамлекет башчыдан мамлекеттик бюджеттен каржыланган КТРК, ЭлТР, “5-канал”, “Пирамида” телеканалдарынын жарандык активисттерди, журналисттерди, укук коргоочуларды жана саясий атаандаштарды күнөөсү далилдене электе каралоо жүргүзүшүн токтотууга чакырышат.

Кайрылууга укук коргоочулар, коомдук ишмерлер Нурбек Токтакунов, Динара Ошурахунова, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Тимур Шайхутдинов, Калича Умуралиева, Эльмира Ногойбаева, Алмаз Тажыбай, Гүлнара Журабаева жана башкалар кол койгон. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG