Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы, 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган Улан Чалбаев ооруканада жатат. Бул маалыматты УКМК “Азаттыкка” ырастады. Маалыматка караганда, Чалбаевди кармоо операциясында анын кан басымы көтөрүлүп, тез жардам чакырылып, ооруканага түшкөн.
Улан Чалбаевди 16-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери колго түшүргөн.
Айрым маалыматтар боюнча, ал азырынча аты айтылбаган жарандан пара катары 500 миң доллар талап кылган. УКМК бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.
Буга чейин Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев камакка алынып, соттолгон. Ал Самаковдорго каршы козголгон ишти жабуу жөнүндө убада берип, алардан 100 миң доллар пара талап кылганы айтылган. (КЕ)