ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:21

Жалал-Абадда кудукка түшүп кеткен окуучу куткарылды

Өспүрүмдү куткаруу учуру.
Өспүрүмдү куткаруу учуру.

Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө мектеп балдары ойноп жатып, жолдун боюнда жайгашкан дөңчөнүн кудугуна түшүп кеткен.

Түшүп кеткен мектеп окуучусун ӨКМдин №58 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгарышып, баланы ата-энесине өткөрүп беришкен.

Министрликтен кабарлашкандай, бала эч кандай жаракат алган эмес. (ErN)

​
XS
SM
MD
LG