Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:53

ЦРУнун башчысы Ким Чен Ын менен жашыруун жолуккан


Ким Чен Ын.
Ким Чен Ын.

АКШнын Борбордук чалгын кызматы - ЦРУнун башчысы Майк Помпео Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын менен жашыруун сүйлөшүү өткөргөн. Америкалык маалымат каражаттарынын кабары боюнча, жолугушуу эки жума мурда болгон.

Помпео Пхеньянга май айынын этегинде же июнь айынын башында өтөт деп күтүлүп жаткан АКШ-Түндүк Корея саммитине даярдыктын алкагында барган. Талапкерлиги мамлекеттик катчылык кызматка каралып жаткан Помпео бир канча күн мурда Сенаттагы жыйында даярдалып жаткан саммит боюнча оптимисттик көз карашын билдирген. Анда “АКШ жана дүйнө зарыгып күтүп жаткан” жыйынтыктарга жетишүү мүмкүн экенин айткан.

Шейшемби күнү Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен Флоридада кездешкен АКШнын президенти Дональд Трамп саммит өтө турган жер катары беш өлкө каралып жатканын айтты. Президенттин көз карашында, жолугушуунун алдында эки тараптын тең “ниеттери жакшы”.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жолугушууга макул болгон. Мындай чечимди Кытай менен Орусия кубаттаган. Жолугушуунун максаты – Корей жарым аралын өзөктүк курал коркунучунан тазалоо аракети болмокчу.

XS
SM
MD
LG