Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:08

Ак-Сууда тургундар басып алган жердин ээлери үн катты


Ак-Суунун Жол-Колот айылында чогулгандар. 17-апрель, 2018-жыл.
Ак-Суунун Жол-Колот айылында чогулгандар. 17-апрель, 2018-жыл.

Ак-Суу районунун Жол-Колот айылынын тургундары басып алган 108 гектар жердин ээси болгон “Мамыр” акционердик коомунун өкүлдөрү үн катып, алардын укуктарын коргоо өтүнүчү менен бийликке кайрылышты.

Мекеменин 77 акционери кеп болуп жаткан аянтты 1995-жылы ошол убактагы урук өндүрүүчү станция жоюлгандан кийин сатып алышканын жазышкан. Алар буга чейин жергиликтүү бийлик менен соттошуудан кийин Жогорку сотто да утуп чыгышканын маалымдашкан. Ошого байланыштуу алар жерге берилген мамлекеттик акты алышканын да белгилеп, анын сүрөтүн катка тиркешкен. Мекеменин өкүлдөрү жерди басып алуу укуктук башаламандык экенин айтып, президент менен Жогорку Кеңештен жана тийиштүү укук коргоо органдарынан буга чара көрүүнү суранышат.

Алар бул жер басып алуу аймактагы жана өлкөдөгү туруктуулукту бузган башка да башаламандыкка алып келерин жана бул укуктук мамлекетте орунсуз экенин белгилешкен.

“Мамыр” акционердик коомунун өкүлдөрү жер айыл чарба багытындагы аянт экенин, тургундар анда себилген буудайды да талкалап салышканын билдиришкен. Алардын айтымында бул жер мекеменин башкы киреше булагы болуп саналат.

Кечээ, 17-апрелде Ак-Суу районунун Жол-Колот айылынын 100гө чукул тургундары жер бөлүп берүү маселесин көтөрүп нааразылык акциясына чыгышкан. Алар айыл аймагындагы жеке тараптарга караштуу 108 гектар жерди айыл элине үлүшкө бөлүп берүүнү талап кылышкан. Тургундар жерди чийип, бөлүштүрүп алышкан. Райондук администрация комиссия түзүп, президентке кат жиберүүгө убада беришкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG