Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

АКШда жүргүнчү учактын кыймылдаткычы жарылып, бир аял каза тапты


Кыймылдаткычы жарылган учак. Нью-Йорктон Далласка учуп бараткан "Боинг" 737-700 учагында 143 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон.
Кыймылдаткычы жарылган учак. Нью-Йорктон Далласка учуп бараткан "Боинг" 737-700 учагында 143 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон.

Көз жумган аял учактын кыймылдаткычы жарылган учурда талкаланган терезеге кирип кеткен. 43 жаштагы Женнифер Риордан учак конгондон кийин ооруканага жеткирилип, ошол жерден көз жумган. Окуядан дагы бир адам жабыркаган.

Кырсык шейшемби күнү эртең менен болгон. Бул - АКШда 2009-жылдан бери учакта адам курман болгон биринчи окуя.

Маалыматтарда "Southwest Airlines" компаниясынын учагы окуядан бир канатына, терезесине жана корпусуна зыян келгенине байланыштуу Филадельфияга шашылыш конгон.

Нью-Йорктон Далласка учуп бараткан "Боинг" 737-700 учагында 143 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон.

XS
SM
MD
LG