Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:48

"Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев кармалды


Айбек Калиев.
Айбек Калиев.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланып жатат.

Айбек Калиев "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын төрагасынын кызматынан 10-апрелде бошотулган. Андан бери ал ооруканада жатканы айтылган.

Быйыл 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Бул боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG