Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

19-апрелдеги аба ырайы: мезгил-мезгили менен жаан жаайт


Жалал-Абад
Жалал-Абад

20-апрелге чейин аба ырайы туруксуз болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү түшөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык багыттагы кызматтардын ишин жана кыштоолордо мал багууну кыйындатат.

19-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат. Басымдуу аймактарда үшүк жүрүшү ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17;

Таласта түнкүсүн 0...-2, күндүз 10...15;

Баткен, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16;

Ысык-Көл менен Нарында түнкүсүн 0...-2, күндүз 8...13;

Бийик тоолуу райондордо болсо түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2 градуска чейин жогорулайт.

Ал эми Бишкек шаарында 19-апрелде жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с түзөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° градус болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG