Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Бишкек-Ош жолунда газ ташуучу автоунаа оодарылып кетти


Оодарылып кеткен газ ташуу автоунаа.
Оодарылып кеткен газ ташуу автоунаа.

Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-чакырымында бүгүн газ ташып бараткан автоунаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Баштапкы маалыматтарга караганда, газ ташыган транспорт күйүүчү май ташыган башка бир оор жүк ташуучу автоунаадан ашып өтүүгө аракет кылып, аны капталы менен уруп алган. Натыйжада газ ташуучу унаанын цистернасы жолдун боюна чыгып, кулап калган.

Эч ким жабыркаган жок. Оодарылган цистернадан газ чыккан эмес. Аны көтөрүүгө крандын күчү жеткен эмес. Ошондуктан цистернанын ичиндеги жаратылыш газын башка унаага куюп алуу аракети көрүлүүдө. Өрт коопсуздугун сактоо максатында ага ӨКМдин Жайыл райондук №22 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир топ тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди. (ErN)

XS
SM
MD
LG