Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Кыргызстандык режиссердун тасмасы эл аралык фестивалга катышат


“Жаргылчак” даректүү тасмасынын режиссеру Гүлзат Эгембердиева.
“Жаргылчак” даректүү тасмасынын режиссеру Гүлзат Эгембердиева.

Кыргызстандык режиссер Гүлзат Эгембердиеванын “Жаргылчак” даректүү тасмасы Германияда өтө турган эл аралык этнографиялык кино фестивалга (German International Ethnographic Film Festival - GIEFF) катышат. Бул тууралуу фестивалдын расмий сайтында жазылган. Маалыматка караганда быйыл 25-жолу уюштурулуп жаткан фестивал 9-майдан 13-майга чейин Германиянын Кобленц шаарында өтөт. Фестивалдын программасына 34 мамлекеттин режиссерлорунун эмгектери киргизилген. Тасмаларды кароо студенттик жана негизги категорияларда өтөт. “Жаргылчак” тасмасы студенттик тасмалардын категориясында калыстардын сынына коюлат.

Аталган даректүү тасма 2009-жылдан баштап бир нече жыл Кыргызстанда тартылган. 2017-жылы Канаданын Торонто шаарында жайгашкан “Chemodan Films” аталышындагы чакан кино студияда монтаждалып бүткөн. Тасмада төрт муундагы аялдардын күнүмдүк жашоосу, тарыхы, ишеними, кечээки, бүгүнкү жана келечектеги дүйнө таанымы талданган.

“Жаргылчак” тасмасы алгачкы жолу фестивалга катышып жатат. Буга чейин Германиянын, Канаданын, Американын жана Жапониянын университеттеринде көргөзүлүп келген.

Гүлзат Эгембердиева Кусейин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетин жана Канаданын Торонто университетин аяктаган. Учурда Германиянын Берлин шаарындагы Гумбольдт университетинде аспирантурада окуйт. (ECh)

XS
SM
MD
LG