Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:57

АКШ армян элин жана бийлигин сабырдуулукка чакырды


Полиция Еревандагы митинг ордосуна айланган Франция аянтындагы элди кармай баштады.

Америка Кошмо Штаттары Армениянын борбору менен башка шаарларындагы демонстрацияларга дыкат көз салып турганын айтып, кагылышууларга тынчсызданганын билдирди.

“Бардык тараптарды сабырдуулукка, кандайдыр чыңалуудан же зомбулуктан качууга чакырабыз” деп айтылат Мамлекеттик департаменттин атайын билдирүүсүндө.

Полиция Еревандагы митинг ордосуна айланган Франция аянтындагы элди кармай баштады. Акыркы маалыматтарга караганда, бүгүн кармалгандардын саны жетимиш кишиге жетти. Кечээ "эркин жыйын тартибин бузду" деген жүйө менен 80дей киши кармалган.

Бир жумадан бери Армения борборунда демонстранттар мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министрликке келишине каршы чыгышууда. Армениянын парламенти Серж Саргсянды элдин каршылыгына карабай, 17-апрелде премьер-министрликке бекитти. Анын талапкерлигин бийликтеги Республикалык партия көрсөтүп, добуш берүүдө 76 депутат колдоп, 17 депутат каршы чыкты.

Кечээ Еревандын борбордук аянтына буга нааразы болгон он миңдеген адам жыйналган. Демонстранттар өкмөттүк мекемелерди иштетпей коюу менен Саргсяндын режимин "баркыт революция" же зомбулуксуз жол менен алмаштырууну көздөп жатышат.

Борбордук Франция аянтындагы митингден кийин нааразылык акцияларынын лидери, оппозициячыл депутат Никол Пашинян “өлкөдө революциялык кырдаал” түзүлгөнүн, тынч мүнөздөгү “баркыт ыңкылабы башталганын” жарыялап, курчоого алуу үчүн демонстранттар өкмөттүк имараттарды карай жылышкан эле. Алар Башкы прокуратураны, Борбордук банкты, Кассациялык сотту, өкмөт имаратынын жаңы корпусун, анын ичинде Тышкы иштер министрлигин, Юстиция министрлигин курчоого алганы кабарланган.

2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттики тескерисинче азайган эле.

Өлкөнүн мурдагыдай жалпы эл эмес, парламент шайлаган президенти Армен Саркисян 9-апрелде кызматка киришкен.

Серж Саргсян президенттиктен кийин премьер-министрлик кызматка өтүү ниетин быйыл март айына чейин төгүндөп келген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG