Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Аксыда "асынып алды" деген окуучу аттан кулап өлгөнү дайын болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аксы районунун Ак-Жол айылында каза болгон 11-класстын окуучусунун өлүмүн жергиликтүү бийлик жана күч органдары иликтеп көрдү. Натыйжада бала өз өмүрүнө кол салбай эле, аттан кулап өлгөнү такталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Бердалы Мырзагулов билдирди.

- Ар ким ар кандай сөз чыгаргандыктан мен атайын барып, маркум окуучунун ата-энесине жолугуп келдим. Ушундай, “ар ким ар кандай сөз айтып жатат, ошону тактаганы келдим” деп айттым. Алар уулу мал караганы чыкканда аттан кулап, аттын тизгини мойнуна илинип калып каза болгонун айтышты. “Башыбызга каран күн түшкөндө табалайсың” деп кайра бизди урушуп кетишти. Ата-энеси эч кимге доосу жок экенин айтты. Ага болбой милиция кызматкерлери кирип, текшерип чыгып кетишкен. Асынгандын белгилерин аныкташкан жок, - деди ал.

Окуя 17-апрелде болгон. Окуучунун сөөгү ошол эле күнү өзү туулган айылда жерге берилген.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Аксынын Ак-Жол айылында мектеп окуучусу асынып алганын жазып чыгышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG