Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Эрдоган Түркияда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөрүн жарыялады


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өтөрүн жарыялап, добуш берүүнү 24-июнга белгиледи. Ал 18-апрелде шайлоону мөөнөтүнөн бир жыл мурда өткөрүү чечимин түшүндүрүп жатып, Түркия тезирек президенттик башкарууга өтүшү зарыл экенин айтты. Эрдоган мындай чечимге бүгүн Улутчул кыймыл партиясынын лидери Давлет Бахчели менен сүйлөшкөндөн кийин келген. 17-апрелде күтүүсүздөн кезексиз шайлоо өткөрүү сунушун көтөрүп чыккан Давлет Бахчели - президент Эрдогандын союздашы катары белгилүү.

Түркияда 2017-жылы референдум өтүп, элдин көбү президенттик башкарууну колдоду деп табылган. Бирок конституциялык өзгөртүүлөр шайлоодон кийин гана күчүнө кирмек.

Кезектеги президенттик жана парламенттик шайлоо Түркияда негизи 2019-жылдын ноябрында өтүшү керек болчу. Парламенттик республика саналган Түркия президенттик башкарууга толук өтсө мамлекет башчынын ыйгарым укуктары кеңейет.

Режеп Тайып Эрдоган бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” же АК партиянын лидери катары он эки жылдык премьерликтен соң 2014-жылы августта президенттик кызматка өткөн.

XS
SM
MD
LG