Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Ысык-Көл фондунда 13 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эсеп палатасы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунда 13 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу болгонун аныктап чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта фондду башкаруу дирекциясынын 2016-жылдагы иши боюнча аудит жүргүзүлгөнү, акчаны өздөштүрүүдө ачыктык камсыздалбай, жергиликтүү тургундардын пикири эске алынбаганы айтылат.

13 миллиондун ичинен 900 миң сом айлык иретинде мыйзамсыз төлөнүп берилгени, 12 миллиону курулуш иштеринин баасын көбөйтүп көрсөтүүгө кеткени аныкталды.

Дебитордук карызды төлөөдө, мамлекеттик сатып алуу жүргүзүүдө да мыйзам бузуу болгону айтылууда.

Фонддун бюджети Кумтөр алтын кенинин кирешесинин 1 пайызынан куралат. (RK)

XS
SM
MD
LG